Сузак районунда “Бахрейн-3” социалдык шаарчасынын курулушу башталды. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган объект Жерге-Тал айылында жайгашкан.
Шаарча 16 үй-бүлөгө ылайыкташат. Бул жерде үйлөрдөн тышкары 150 орундуу мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт, дүкөн да курулат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.