Балбан Улан Муратбек уулу жаштар арасында Азия чемпиону болду

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Улан Муратбек уулу жеңүүчү болсо, Жеңиш Жумабеков менен Кайыргүл Шаршебаева күмүш, Нурзат Нуртаева коло байгеге болушту.

Бүгүн, 16-июнда “Бишкек-Арена” спорт комплексинде грек-рим күрөшүнөн үч салмакта, кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта таймаштар өттү.

Грек-рим күрөшүнөн 55 килограмм салмакта финалда кыргызстандык Улан Муратбек уулу казакстандык Ербол Камалиев менен күрөшүп, 7:3 эсебинде утту. Муратбек уулу ага чейин Өзбекстандык Асадбек Бахрамовду (5:0), түркмөнстандык Абдували Рахимбаевди (10:2) жана жарым финалда индиялык Лалит Латитти (12:7) утуп, финалга чыккан.

87 килограмм салмакта Жеңиш Жумабеков алтын байге үчүн беттеште дагы бир казакстандык Максат Сайлау менен беттеште жеңилип, күмүш медал тагынды. Жумабеков ага чейин түркмөнстандык Азым Аннамаммедов (5:3) менен индиялык Маной Кумарды (9:0) жеңип, финалга чыккан.

Күрөштүн бул түрүнөн 63 килограмм салмакта күч сынашкан Бекназар Бакытбек уулу айлампа тартибинде эки беттешке чыгып, казакстандык Ассаухат Мухамедиевге жеңилип, түрмөнстандык Рысгал Куватгелдиевди утуп байге үчүн таймаштан четтеди. Күрөштүн бул түрүнөн 15-июнда өткөн таймаштарда Кыргызстандын жаштар курама командасы (U23) эки алтын, төрт күмүш байгеге ээ болгон. Эки күнгө созулган таймаштардын жыйынтыгында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы (U23) жалпы командалык эсепте үч алтын жана беш күмүш медал менен 2-орунду ээледи. 1-орунду Казакстан (төрт алтын, беш күмүш), 3-орунду Индия курамасы алды (алты коло).