Кыргызстан кайрадан жогорку даражалуу конокторду тосууга даярданууда.
25-октябрдан 27-октябрга чейин Бишкекте КМШ, ШКУ өкмөт башчыларынын жана Евразия өкмөт аралык кеңешинин отуруму өтөт.
Андан тышкары, бул күндөрү өлкөгө расмий сапары менен Кытай жана Монголиянын премьер-министрлери келет. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, коомдук тартипти жана коопсуздукту 4 миң милиция кызматкери камсыздайт. Андан тышкары, расмий делегация жүрүүчү жолдор тосулат.