Бишкекте Батыш автобекетин ушул жылдын үчүнчү кварталында көчүрүү пландалууда

Бишкекте Батыш автобекетин ушул жылдын үчүнчү кварталында көчүрүү пландалууда. Бул тууралуу 24 агенттигине Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин начальниги Уланбек Бейшенбаев билдирди.

 

Ал белгилегендей, долбоорго ылайык, жаңы автобекетке эл аралык, шаар аралык жана облустук маршруттук таксилер каттайт.

 

Вокзал Достук айылынын батыш тарабында орун алат, — деди чиновник. Эске салсак, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ордо калаадагы эки автобекетти шаар сыртына көчүрүүгө 25 миллион доллар талап кылынарын билдирген.