Тоолуу аймактарга сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат

Тоолуу аймактарга сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк, Долон жана башка ашууларда мезгили менен кар жаап жаткандыктан, жанында чынжырчаларды дагы ала жүрүү керек.

 

Андан тышкары, жолдорду кардан тазалоочу атайын техниканын ишине тоскоолдук жаратпоо үчүн каршы тилкеге чыгууга тыюу салынат. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.