Бишкекте өзгөчө кырдаал режими шамалдын кесепеттерин жоюу иштери аяктаганга чейин узартылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, катуу шамалдын айынан ордо калаада 42 турак жай комплекси, 6 медициналык мекеме, 35 социалдык объект, 13 автоунаа жана 101 ар кандай объекти жабыркаган. 2
8-мартта Бишкекте болуп өткөн бороон-чапкындан улам калаа башчы Айбек Жунушалиев өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча буйрукка кол койгон.