Төө-Ашууда оор жүк ташыган унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чара аба ырайына байланыштуу тыгындарды болтурбоо үчүн кабыл алынды жана Бишкек-Ош жолунда климаттык шарттар жакшырганга чейин күчүндө болот.