Ысык-Көл районунда нөшөрлөгөн жамгырдан улам Чолпон-Ата шаарын жана дагы үч айылды сел каптады

Ысык-Көл районунда нөшөрлөгөн жамгырдан улам Чолпон-Ата шаарын жана дагы үч айылды сел каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, суу Тогуз-Булак тилкесиндеги кокту-колоттордон жана «Жүдөмүш» каналынан аккан.

 

Жыйынтыгында, Бостери, Бактуу-Долоноту айылдарынын бир нече көчөлөрүн, Булан-Сөгөттү айылын сел каптады.

 

Жабыркагандар жок, бир үй-бүлө коопсуз жерге эвакуацияланды Жеринде тазалоо иштери жүрүүдө.