Нарын шаарында көп кабаттуу ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоордун сметалык баасы 747 миллион сомду түзүп, өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат.
Ал 9 кабаттуу, төрт блоктон турган 216 батирлүү үй болот.
Турак жайдын курулушу эки жылдын ичинде аяктап, батирлер электрондук кезекте турган шаар тургундарына тапшырылат. Жарандар батирдин акчасын 25 жыл бөлүп төлөйт.