Селден улам Сузак районунда дагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, нөшөрлөп жааган жаан-чачындан кийин Барпы, Кызыл-Туу, Сузак айыл өкмөттөрүндө турак-жайлардын короолорун суу каптады.
Андан тышкары, Көк-Арт дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, бир топ аймактарга кооптуу абал жаралды. Жерине атайын инженердик техникалар тартылып, тазалоо жумуштары башталды.