Өзгөн районунун Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер көчкү жүрүп, 18 үйгө коркунуч жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Андан белгилешкендей, көчкү турак-жайларга 300 метрдей гана жетпей калган. Учурда Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жашоочуларды коопсуз жайга көчүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Өзгөн районунун Жарандык коргонуу кызматтарына эскертүү жарыяланып, алдын алуу иштери жүрүп жатат.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 4 миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана алардын басымдуусу Ош, Жалал-Абад облустарына туура келет.