Ысык-Көлдө дем берүүчү гранттын эсебинен 37 долбоор каржыланды

Жыл башынан бери Ысык-Көл облусуна дем берүүчү гранттын эсебинен 32,2 млн сом бөлүндү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, бөлүнгөн каражатка төмөндөгү 37 долбоор каржыланды:

  • Ысык-Көл районунунда 8 объектиге – 4 млн сом;
  • Түп районундагы 10 объектиге – 11,8 млн сом;
  • Ак-Суу районунда 10 объектиге – 11,6 млн сом;
  • Балыкчы шаарында 3 объектиге – 2,1 млн сом;
  • Каракол шаарында 6 объектиге – 2,7 млн сом;

Анын ичинен:

  • 11 мектепке – 8,1 млн сом;
  • 2 саламаттыкты сактоо мекемесине – 2,9 млн сом;
  • 7 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 9,6 млн сом;
  • 2 спорттук курулуштар – 0,9 млн сом;
  • 7 маданий маанидеги объектилерге – 6,2 млн сом;
  • 8 бала бакчага – 4,5 млн сом;