Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодо 30 миңдей адам ишке тартылат

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодо 30 миңдей адам ишке тартылат. БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдиргендей, ар бир шайлоо тилкесинде автоматтык эсептөө урналардын операторлору, комиссия кызматкерлери, техникалык колдоо адистери иш алып барат.

 

Жалпысынан өлкө боюнча дээрлик 3 миң шайлоо участогу ачылат. Эске салсак, жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 17-ноябрда өтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.