БШК Жогорку Кеңешке Ленин райондук округ боюнча депутатты шайлоого добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмесин жарыялады.
Шайлоого катышууга укуктуу адамдардын аты-жөнү “Тизме” мамлекеттик порталында жеткиликтүү. Жарандар андан өзүнүн жеке маалыматын текшерип, зарыл болсо 17-майга чейин өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
23-майга карата добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси жарыяланат. Эске салсак, Ленин райондук бир мандаттуу округунан мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт.