Ленин округу боюнча 16 адам БШКга арыз берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 2-августтагы маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 16га жетти.

БШКнын соңку маалыматына караганда, Ханзада Осмоналиевадан арыз келип түшкөн. Мекеменин расмий сайтында ал өзүн өзү көрсөткөнү жана аскер адамы экени жазылган.

Буга чейин арыз тапшыргандар: Ыргал Кадыралиева, Мурат Эсенаманов, Нургүл Сооронбаева, Эртай Искаков, Аскар Алмаз уулу, Эркин Булекбаев, Роман Ремнев, Турсунбай Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов, Сулайман Мамаев, Токтогул Какчакеев, Жаныбек Абиров, Русланбек Тагаев жана Бакыт Шаршембиев. БШКга арыз тапшыргандардын бардыгы өзүн өзү көрсөткөн.

БШК өткөн аптада Жогорку Кеңештин мандатын тапшырган депутаты Абировдун арызын жумушчу топ карай турганын билдирген. Бирок Боршайкомдун айрым мүчөлөрү ал кайра шайлоого катыша албай турганын айтып чыккан. Алардын сөзүнө караганда, мыйзам боюнча кайра шайлоонун дайындалышына себепчи болгон адам талапкерлигин коё албайт.

Аталган округдан шайланган Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү катышкан мушташтан улам депутаттык мандатын тапшырган.

Эртай Искаков аталган округдан буга чейинки шайлоого да катышкан. Ал июлдун башында Бишкектеги таза сууга байланыштуу акцияда кармалып, сентябрга чейин камакка алынган.

Аскар Алмаз уулу былтыр жазында Бишкектеги бир мандаттуу Свердлов округундагы шайлоого катышып, үчүнчү орунда келген. Анын аты соңку парламенттик шайлоодо президент Садыр Жапаровдун уулу Рустамга байланыштуу аталган.

Парламент депутаты Дастан Бекешев Рустам Жапаровдун парламенттик шайлоого камылга көрүп, ар кандай жолугушууларды өткөрүп жатканын айтып чыккан. Президенттин уулу «Эл үмүтү» социалдык саясий партиясын сүрөп жатканын билдирген. Аскар Алмаз уулу партиянын Рустам Жапаров менен байланышы жок экенин айткан.

Кайра шайлоого талапкерлерден арыз алуу 10-августта аяктайт да, каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт.

БШК Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген.

Боршайком 28-майда өткөн Ленин округундагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алган” деген доомат айтылган.

Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат.