Жергиликтүү кеңештерди шайлоо ноябрда өтүшү мүмкүн

Административдик аймактык реформага байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутаттары сентябрь айында тарашы мүмкүн. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, аймактарда кайрадан шайлоо ноябрга белгилениши күтүлүүдө.

 

Маалыматка ылайык, Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 45 мандат берилсе, башка аймактарда мандаттар калктын санын эске алуу менен бөлүнөт. Эгер административдик аймакта жашагандардын саны 6 миңге чейин болсо – 11 депутат, 20 миңге чейин болсо 21, андан көп жашоочусу бар аймактарда 31 депутат шайланат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.