Мбаппе Франция чемпионатында айдын мыкты оюнчусу аталды

ПСЖнын чабуулчусу Килиан Мбаппе Франция чемпионатынын ноябрь жана декабрь айларындагы эң мыкты оюнчусу деп табылды. 24 жаштагы футболчу Франциянын футболчулар союзунун сайтындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында жеңишке жетти. Сурамжылоо 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына байланыштуу тыныгуудан улам эки айдын жыйынтыгы боюнча өттү. Ноябрь, декабрда Мбаппе үч беттеште 2… Кененирээк…

«Ала-Арча» паркы эки күнгө жабык болот

«Ала-Арча» паркы 26-январь саат 18:00дөн баштап, 27-январь саат 18:00гө чейин эс алуучулар үчүн жабык болот. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын «Кыргыз мамлекеттик «Ала-Арча» жаратылыш паркы» мекемесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мунун себеби Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарына байланыштуу.  

Мамкурулуш агенттигинин директору алмашты

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Мырзабек Жыпаркулов министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Президенттин башка жарлыгы менен Нуртазин Жетыбаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорлугунан бошотулду.

Майлуу-Сууда калктын 40 пайызына таза суу берилди

Майлуу-Суудагы өзгөчө кырдаал режими калктын 70 пайызы суу менен камсыз болгондон кийин алынат. Бул тууралуу Novosti.kgге Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы Болот Шаршеналиев билдирди. Анын айтымында, учурда абоненттердин 40 пайызына ичүүчү суу берилди. Жергиликтүүлөрдүн басымдуу бөлүгү жылуулук менен да камсыздалган. Азыр адистер кырсыктын кесепеттерин жоюуну улантышууда.… Кененирээк…

Ала-Бука районунун борборуна 30дан ашык видеокөзөмөл орнотулду

Ала-Бука районунун борборуна 33 видеокөзөмөл орнотулду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул демилге Ала-Бука айыл өкмөтү тарабынан көтөрүлүп, «Коопсуз айыл» программасынын алкагында аткарылды. «Сервер жана көзөмөлдөөчү монитор Ала-Бука айыл өкмөтүнүн имаратына жана коопсуздукту өз убагында ыкчам уюштуруу, мыйзам бузууга жол бербөө максатында райондук… Кененирээк…

Унааларын камсыздандырбагандарга айып салуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Унааларын камсыздандырбагандарга айып салуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди. Анын айтымында, бул маселе министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен кеңешилип, азырынча унаа ээлерине айып пул салбоо чечими кабыл алынды. Кыргызстанда 1-январдан тарта айдоочуларды камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирген мыйзам… Кененирээк…

Ош – Сарыташ – Иркештам жолундагы кар тазаланды

Ош – Сарыташ – Иркештам жолундагы кар тазаланды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган жолдун 162-182-чакырым бөлүгүндө жолду кардан тазалоо, кеңейтүү жана каттам ачуу иштери жүргүзүлдү.

Тез тамактануучу жайга келген киши заказдын ордуна акчага ээ болгон

АКШда тез тамактануучу ресторанга келген киши сэндвич буйрутма кылып, бирок анын ордуна 5 миң долларга ээ болгон. Кардар тамактануучу жайга кайтып келип, кызматкерлерден акчаны адалдоого катыштыгы бар-жогун тамашалап сураган. Иштин чоо-жайын түшүндүргөн соң, каражат баштыкка кокустан салынып калганы аныкталган. Кардар акчаны кайтарып бергенине ыраазы болгон… Кененирээк…

Быйыл “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында конок үйлөр курулат

Быйыл “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында конок үйлөр курулат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди. Ал эске салгандай, өткөн жылы аталган парктын жолу оңдолуп, жарыктандыруу иштери аягына чыгарылган. Алдыда “Ала-Арчада” жылдын төрт мезгилинде тең туристтерди тосуп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү белгиленди.

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда социалдык шаарча пайда болот

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда социалдык шаарча пайда болот. Мэрия билдиргендей, учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Бардыгы болуп аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн 30 турак жай жана амбулатордук пункт куруу пландалууда. Бул иш кайрымдуулук фондунун эсебинен жүргүзүлүүдө.