«Шамбала» тасмасы Индиядагы эл аралык кинофестивалда эки сыйлыкка татыды

Белгилүү кинорежиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Индиядагы эл аралык кинофестивалында «Мыкты тасма» жана «Шиважи Махарадж падышасынын глобалдык лидерлик» сыйлыгын жеңип алды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, эл аралык кинофестиваль Чатрапати Шиваджи шаарында өткөн. Белгилеп кетсек, “Шамбала” тасмасы буга чейин бир катар эл… Кененирээк…

ККМдин жаңы моделине өтүү эки айга узартылды

Көзөмөл-кассалык машиналардын жаңы моделине өтүү эки айга узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Өкмөттүн токтомуна ылайык, ишкерлер мартка чейин ККМдин жаңы моделине өтүшү керек. Бул талаптын аткарылышы үчүн былтыр 31-декабрга чейин убакыт берилген. Бирок ишкерлердин кайрылууларынан улам мөөнөт узартылганы белгилүү болду. Базарларда, чакан базарларда,… Кененирээк…

Кыргыз экономикасына 10 млн сом чегерген чет өлкөлүк беш жылга виза алат

Кыргызстандын экономикасына 10 миллион сом чегерген чет өлкөлүк жаран беш жылга виза алат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапты. Ал эми 20 миллион сомдон кем эмес сумма салым кошкондор 10 жылга виза алууга укук алат. Документ чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга виза… Кененирээк…

Бишкекке 20 жаңы автобус келди

Бишкекке 20 жаңы автобус келди. Шаардык мэриядан билдиришкендей, транспорт газ менен иштейт жана 75 адамды ташууга ылайыкталган. Эске салсак, буга чейин автобустарды сатып алуу үчүн Бишкектин бюджетинен 1 миллиард сом бөлүнгөн. Жакында ордо калаага дагы 100 автобустун келүүсү күтүлүүдө.

Кыргызстандыктар канча мамлекетке визасыз бара алышат?

Эл аралык консалтинг компаниясынын быйылкы жылдын биринчи кварталындагы дүйнөлүк паспорт индекси боюнча маалыматына ылайык, кыргызстандыктар 66 гана өлкөгө визасыз бара алышат. Муну менен республика мүмкүн болгон 109 визасыз багыттын саны боюнча рейтингде 81-орунда турат. Ал эми Япония бешинчи жыл катары менен дүйнөдөгү эң күчтүү паспорттордун рейтингин… Кененирээк…

Бишкекте №8 бала бакча капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Бишкекте №8 бала бакча капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Жер төлөсү бар эки кабаттуу имарат 4 тайпага ылайыкталган. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,38 га, ал эми курулган аянты 640 чарчы метрди түзөт. Бала бакчага инженердик тышкы тармактар: короо ичиндеги… Кененирээк…

ЖОЖго кышкы кабыл алуунун экинчи туру бүгүн аяктайт

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун экинчи туру бүгүн аяктайт. Документ тапшыруунун жол-жобосу Билим берүү министрлигинин сайтында жеткиликтүү. Окууга кабыл алынган абитуриент 14-январга чейин тандалган окуу жайда билим ала тургандыгын тастыкташы керек. Белгилеп кетсек, биринчи турдун алкагында жогорку окуу жайларга 200дөн ашык студент кабыл… Кененирээк…

Улуттук банк быйылкы жылдагы алгачкы валюталык ири интервенцияны жасады

Улуттук банк бул жылдын эсебинен алгачкы валюталык интервенция жасап, 104 миллион 250 миң долларды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу маалымат банктын сайтында жазылган. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси буга чейин 20-декабрда 87,5 миллион доллар сатыкка чыгарган. 2022-жылы сомдун курсун туруктуу сактап туруу үчүн жалпы сегиз жолу интервенция… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкүлөрүн мажбурлап түшүрүү иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу Novost.kgге оперативдүү бөлүмдүн башчысы Болот Шаршеналиев билдирди. Анын айтымында, иштер Бишкек – Ош унаа жолунун бир нече тилкесинде жана башка жолдордо да пландалууда. Кар көчкүлөрдү түшүрүү жумуштары эртең, 12-январда башталып, болжол… Кененирээк…

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот. Эми колдонуучулар жаңы телефонго бардык чаттарды резервдик көчүрмө түзбөстөн өткөрө алат. Опцияны колдонуу үчүн смартфонго мессенджерди жүктөп, QR-кодду сканерден өткөрүү керек.   Күтүлгөндөй, жаңы функция колдонуучуларга жакынкы арада жеткиликтүү болот.