WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот. Эми колдонуучулар жаңы телефонго бардык чаттарды резервдик көчүрмө түзбөстөн өткөрө алат. Опцияны колдонуу үчүн смартфонго мессенджерди жүктөп, QR-кодду сканерден өткөрүү керек.
Күтүлгөндөй, жаңы функция колдонуучуларга жакынкы арада жеткиликтүү болот.