Каржы пирамидасын жарнамалагандарды жазага тартуу демилгеси биринчи окуудан өттү

Жогорку Кеңеште Каржы пирамидасын жарнамалаган таанымал адамдарды жазага тартуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Демилгечи депутат Шаирбек Ташиев долбоор каржы пирамидаларын уюштурууну жөнгө салууга багытталганын белгиледи. Анын айтымында, 2022-жылы пирамида фактысы боюнча 882 кылмыш иши козголуп, 1052 адам жабырлануучу болуп эсептелет. Жалпы суммасы 273 миллион… Кененирээк…

Адис тез арыктоо сырлары менен бөлүштү

Адис тез арыктоо сырлары менен бөлүштү. Диетолог Лаура Бурак билдиргендей, ашыкча салмакты таштоого бел байлаган адам үчүн идеалдуу таңкы тамак — жумурткадан түрдүү тамак-аш болот.   Белокко бай бул азык тоюмдуу дагы келет. Ал эми кечкисин жемиштерден салат жесе адам өзүн жеңил сезет. Таттуунун ордуна… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң сулуу эркек аталды

Дүйнөдөгү эң сулуу эркек аталды. Ал британиялык актер Реге Жан-Пейдж, — деп жазат Метро басылмасы. Лондондун пластикалык хирургия борборунун дарыгери Джулиан де Силва 34 жаштагы актердун келбети идеалдуу экенин жарыялады.   “Бриджертоны” сериалынын жылдызынын жүзү идеалдуулукктун көрсөткүчүнө  94 пайызга жакын. Ошондой эле дүйнөнүн сулуу мырзаларынын… Кененирээк…

Кыргызстан – Өзбекстан бизнес-форумунун алкагында 168 миллион долларга макулдашуулар кабыл алынды

Кыргызстан – Өзбекстан бизнес-форумунун алкагында 168 миллион долларга макулдашуулар кабыл алынды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.   Белгилүү болгондой, кол коюлган документтер эки өлкө ортосундагы товар алмашууну көбөйтүүгө, жеңил өнөр-жай тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле жол картасы кабыл алынып, бир катар меморандумдарга… Кененирээк…

Бишкектин коомдук транспортунда жол кире кымбаттайт

Бишкектин коомдук транспортунда жол кире кымбаттайт. Тиешелүү токтом долбоорун мэрия иштеп чыгып, шаардык кеңештин кароосуна чыгарды.   Ага ылайык, троллейбус жана автобустарда жол кире 15 сомго, кичи автобустарда 21 сом жана маршруттук таксилерде күндүз 21 сом, кечки саат 8жарымдан таңкы 6га чейин 32 сом деп… Кененирээк…

Индияда кол саат рекорддук сандагы бриллиант таштар менен кооздолду

Индияда кол саат рекорддук сандагы бриллиант таштар менен кооздолду. Жалпысынан ага 17 миң 500 асыл таш чапталды. Дээрлки бардыгы ак түстүү таштар болсо, 12си кара бриллиант.   Зергерлерге мындай санда керектүү көлөм жана салмактагы таштарды табуу кыйынчылыкка турду. Жыйынтыгында, кол сааттын салмагы 30 граммдан ашты.… Кененирээк…

Бишкекте 4 троллейбустук каттам убактылуу токтотулду

Бишкекте 4 троллейбустук каттам убактылуу токтотулду. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин келишине байланыштуу Фучик көчөсүнөн Чүй проспектине чейин жана Чүйдөн Манас проспектине чейин жабылат.   Андан улам, №11, 6, 5 жана 14-троллейбустар убактылуу жүрбөйт. Ал эми №2 жана 10-троллейбустук каттам Чүй… Кененирээк…

Кыргызстандагы жаңы Жер кодексин кабыл алуу жер тилкелерин ээлеринен тартып алууга алып келбейт

Кыргызстандагы жаңы Жер кодексин кабыл алуу жер тилкелерин ээлеринен тартып алууга алып келбейт. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин жаратылыш ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Адилет Расулов билдирди.   Анын айтымында, документ талкууланып жатканда жарандар тарабынан мындай коркунучтар жаңырган.   Бирок Конституцияга ылайык, жеке менчик кол тийгис болуп эсептелет.… Кененирээк…

Бишкекте Республикалык перинаталдык борбор курулуп жатат

Бишкекте Республикалык перинаталдык борбор курулуп жатат.   Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, иштер Германиянын өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттын эсебинен жүргүзүлүүдө.   Объект заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалат. Кийин бул жерде оор операциялар жасалат. Кошумчалап кетсек, Бишкектеги перинаталдык борбор 200 орунга чакталып, жылдын аягына чейин ачылат… Кененирээк…

1-февралдан тарта патент менен иштөөдө өзгөртүүлөр күчүнө кирет

1-февралдан тарта патент менен иштөөдө өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, ишкердүүлүктүн 19 түрү кыскартылып, 87нин ордуна анын 67 түрү гана калат.   Ошондой эле жеке ишкерлик боюнча патенттердин саны кыскарат – 56дан 34кө чейин, жеке эмгек ишкердүүлүгү тескерисинче 3 түр менен толукталып, саны… Кененирээк…