Бишкектин коомдук транспортунда жол кире кымбаттайт

Бишкектин коомдук транспортунда жол кире кымбаттайт. Тиешелүү токтом долбоорун мэрия иштеп чыгып, шаардык кеңештин кароосуна чыгарды.

 

Ага ылайык, троллейбус жана автобустарда жол кире 15 сомго, кичи автобустарда 21 сом жана маршруттук таксилерде күндүз 21 сом, кечки саат 8жарымдан таңкы 6га чейин 32 сом деп орнотуу сунушталды.

 

Бишкектин транспорт департаментинен белгилешкендей, азырынча жол кире качан кымбаттай турганы белгисиз, акыркы чечимди шаардык кеңештин депутаттары кабыл алат.