Кыргызстандагы жаңы Жер кодексин кабыл алуу жер тилкелерин ээлеринен тартып алууга алып келбейт

Кыргызстандагы жаңы Жер кодексин кабыл алуу жер тилкелерин ээлеринен тартып алууга алып келбейт. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин жаратылыш ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Адилет Расулов билдирди.

 

Анын айтымында, документ талкууланып жатканда жарандар тарабынан мындай коркунучтар жаңырган.

 

Бирок Конституцияга ылайык, жеке менчик кол тийгис болуп эсептелет.  Чиновник белгилегендей, улуттук коопсуздук жана коргоо максатында гана жеке жер тилкелерин тартып алуу каралат. Бул учурда ээсинин уруксаты же соттун чечими талап кылынат.