Кыргызстандын 117 мектебинде балдарды биринчи класска кабыл алуу жыйынтыкталды

Кыргызстандын 117 мектебинде балдарды биринчи класска кабыл алуу жыйынтыкталды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан республика аймагында 2 миң 84 мектеп бар болсо, анын 117синде биринчи класстар толукталды.

 

Алардын 33ү Бишкекте болсо, Ош облусунда 18, Баткенде 14 мектеп.

 

Ведомстводон эске салышкандай, учурда мектепке электрондук кабыл алуунун экинчи этабы жүрүүдө. Анын алкагында ата-энелер балдарын жашаган жерине карабай, каалаган мектебине тапшыра алат, болгону анда бош орун болушу керек.