Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздарга социалдык шаарчанын курулушу жүрүүдө

Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздарга социалдык шаарчанын курулушу жүрүүдө. Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул үчүн 30 гектар жер тилкеси трансформацияланган.

 

Жалпысынан 165 үй, 275 орундуу мектеп, бала бакча, оорукана жана башка социалдык объектилерди куруу пландалып жатат.

 

Социалдык шаарчаны курууга каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.