Бишкектин Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу аяктап калды.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, имарат 2 кабаттуу, 180 орунга эсептелген. Жалпы аянты 1889,3 чарчы метрди түзөт.
Учурда ички жасалгалоо жана айланасын түздөө, көрктөндүрүү, балдар аянтчасын куруу, фасад иштери жүргүзүлүп жатат.