Быйыл 2,9 млрд сомго 810 айыл чарба техникасы лизингге берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 250 трактор, 15 комбайн, 4 кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар, 90 айыл чарба машиналары, 449 атайын жана 2 унаа каражаттары берилген.
Ал эми долбоор башталган 2011-жылдан бери жалпы 12,2 млрд сомго 5562 даана айыл чарба техникасы берилген.