Быйыл Ош облусунда 30 мектеп пайдаланууга берилет

Быйыл Ош облусунда 30 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Novosti.kgге президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нурильич Токонбаев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелери заманбап болот.

 

Объекттер республикалык бюджеттен каржыланат жана жылдын аягына чейин каалгасын ачат.