Кыргызстандагы 38 ишкана Өзбекстандын бирдиктүү реестрине катталды. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бул экспорттук потенциалды жогорулатуу максатын көздөйт.
Ишканалардын арасында сүт, балык, эт жана эт азыктарын кайра иштетүүчүлөр менен тамак-аш азыктарын кайра иштеткендер бар.