Баткенде 225 орундуу мектептин курулушу башталды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мекеме Төрт-Гүл айыл аймагында жайгашкан.
Курулуштун тендердик баасы 83 миллион сомдон ашат.
Эки кабаттуу объектти ушул жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда.