Кыргызстанда эми бардык абитуриенттер жогорку окуу жайга тапшырганда кыргыз тилинен тест берүүгө милдеттендирилет

Кыргызстанда эми бардык абитуриенттер жогорку окуу жайга тапшырганда кыргыз тилинен тест берүүгө милдеттендирилет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, мындай тест бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билерин аныктоого жардам берет. Ведомстводон кошумчалашкандай, билим деңгээли аныкталгандан кийин абитуриенттер мамлекеттик тилди үйрөнүү үчүн тайпаларга жиберилет.