Жалал-Абаддагы кооптуу аймакта жашаган 1 миңден ашык үй-бүлө көчүрүлөт

Жалал-Абаддагы кооптуу аймакта жашаган 1 миңден ашык үй-бүлө көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган үй-бүлөлөргө эскертүү берилүүдө.

 

Белгиленгендей, облус аймагында 1 миң 74 үй-бүлө кооптуу аймакта жашоосун улантып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Сузак районунда жайгашкан.