Ноокат районунда жаңы мектеп ачылды

Ноокат районунда жаңы мектеп ачылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, билим берүү мекемеси Арал айылында жайгашат. Имарат 225 окуучуга чакталат.

 

Мектептин курулушуна каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Анын сметалык баасы 118 миллион сомду түздү.