Бишкекте Кыргызстан менен Малайзиянын футбол курамаларынын беттеши өтөт. Кыргыз футбол союзу кабарлагандай, оюн 6-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.
Спорттук иш-чара 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын квалификациялык экинчи раундунун бешинчи турунун алкагында уюштурулат. Беттеш кечки саат 9да башталат.