Кыргызстандык зыяратчылардын биринчи тобу Сауд Арабияга учуп кетти. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Быйыл аталган өлкө ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6 миң 60 квота бөлгөн.
Зыяраттын баасы 3 миң 750 долларды түзөт. Быйыл ажылык 14-19-июнь күндөрү аткарылат.