Эртең Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталат

Эртең Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталат. Муфтияттан билдиришкендей, тизме түзүү 20-ноябрга чейин уланат.

 

Зыяратка баргысы келгендер ID-картасын, 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1 миң сом төлөгөнү тууралуу квитанциясын жана дагы башка ажылыкка керектүү кагаздарды тапшырышы керек. Ал эми сапардын жалпы баасы азырынча тактала элек.

 

Эске салсак, 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Сауд Арабиясы Кыргызстанга 6 миң 60 квота бөлгөн.