Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталды

Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталды. Муфтияттан билдиришкендей, тизме түзүү 20-ноябрга чейин уланат. Зыяратка баргысы келгендер ID-картасын, 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1 миң сом төлөгөнү тууралуу квитанциясын жана дагы башка ажылыкка керектүү кагаздарды тапшырышы керек.

 

Ал эми сапардын жалпы баасы азырынча тактала элек.