Жаратылыш ресурстары министрлиги Бишкекте абанын булганышынын негизги себептерин атады

Жаратылыш ресурстары министрлиги Бишкекте абанын булганышынын негизги себептерин атады. Анализдин жыйынтыгы боюнча, күз-кыш мезгилинде абага зыян заттарды бөлүп чыгаруунун негизги булагы — жер тамдарда үйлөрдү жылытуу, бул багытка 29 пайыз тиешелүү.

 

Экинчи орунда транспорт – 27 пайыз. Андан кийинки орун ЖЭБ жана отказандарга туура келет, бул объектилердин абаны булгоо көрсөткүчү 11 пайызды түзөт.

 

Таштандыны өрттөө – 1-2 пайызга жетет. Министрликтен белгилешкендей, ордо калаадагы экологияны жакшыртуу үчүн газ менен жылытуу системасына өтүү керек.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.