Кыргызстанда экологиялык транспорттун жана кыймылсыз мүлктүн ээлерине жеңилдиктер берилиши мүмкүн

Кыргызстанда экологиялык транспорттун жана кыймылсыз мүлктүн ээлерине жеңилдиктер берилиши мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору профилдик комитеттин кароосуна чыгарылып, биринчи окууда жактырылды.

 

Ага ылайык, атмосферага зыяндуу заттарды чыгаруу көрсөткүчү төмөн же нөлдүк унаалардын ээлерине льготалар берилет. Кеп транспорт салыгын төмөндөтүү, тонировкага уруксат  берүү, парковка жана башка кызматтар жөнүндө болуп жатат.

 

Андан тышкары, үйлөрүн көмүр менен эмес, альтернативалык булактар менен жылыткандарга “Жашыл паспорт” ыйгарып, коммуналдык кызматтарга жеңилдиктерди берүү сунушталууда.