Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорундагы унаа жолдорунда каттам ачылды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Григорьевка – Көл – Кашка-Суу жана Корумду – Кум-Бел унаа жолдорунда каттам убактылуу жабык, учурда тазалоо иштери уланып жатат.
Эске салсак, 18-август күндүз жана 19-августка караган түнү Ысык-Көлдүн бир катар райондорундагы айылдарда катуу жаан жаап, бир нече жерлерде сел жүрдү.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.