Кыргызстандыктар эми батирди онлайн режиминде каттай алышат

Кыргызстанда батирди онлайн кайра каттоо боюнча жаңы сервис ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

 

Ведомстводон белгилешкендей, бул “Түндүк” мамлекеттик мекемеси менен Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин биргелешкен пилоттук долбоору.

 

Мындан ары сатып алуу келишими боюнча мүлктү кайра каттоо үчүн кезекке туруунун кажети жок, — деп айтылат маалыматта.