Кыргызстанда 40ка жакын өнөр жай ишканасы ачылат

Кыргызстанда 31-августка карата 40ка жакын өнөр жай ишканасы ачылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, объекттердин арасында кичи ГЭСтер, түрдүү цехтер, өндүрүш ишканалары, буюм-тайымдарды кайра иштетүүчү заводдор бар.

 

Мындан тышкары, жыл аягына чейин республика боюнча 130дан ашык өндүрүштүк жана социалдык объектилердин ачылышы күтүлүүдө.