Ысык-Көл облусундагы Бөкөнбаев – Көл-Төр – Дөң-Талаа унаа жолунун Туура-Суу – Темир – Канат тилкесинде жолду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, 21-августта Тоң районундагы Зындан көлү жарылып, айылды каптоо коркунучу жаралгандыктан Туура-Суу – Темир – Канат жолун жаап, суунун нугун буруу иштери жүргүзүлгөн.
Ал эми жеңил унаалар Тогуз-Булак жана Ак-Сай – Көк-Сай альтернативдик жолу менен өткөрүлгөн.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.