Боом капчыгайында бүгүн унаа кыймылына чектөө киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүн жана 2-3-4-майда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
Бул күндөрү эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин транспорт жолдун бир тилкеси менен өткөрүлөт.
Тыгындар жаралса, таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унаалар кое берилет.