“Сосновка” түйүнү транспорттун бардык түрүнө жабылды.
Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек – Ош трассасынын 81-чакырымы аркылуу жүк ташуучу унаалар дагы, жеңил машинелер дагы убактылуу өткөрүлбөйт.
Учурда аталган аймакта кар жаап, катуу шаммал болуп жатат. Жолчулар жеринде иштеп, трассаны кардан тазалап, кум-туз себилүүдө.