Калың кар жааганына карабай, Бишкек – Ош жана Бишкек – Торугарт стратегиялык трассалары кыймылга ачык

Калың кар жааганына карабай, Бишкек – Ош жана Бишкек – Торугарт стратегиялык трассалары кыймылга ачык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Ведомстводон белгилешкендей, айдоочуларга жол жүрүүдө этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.

 

Кандайдыр бир маселелер жаралса, Бишкек – Ош унаа жолунун    153-чакырымындагы жана Төө-Ашууда күнү-түнү нөөмөттө турган куткаруучуларга кайрылса болот.