Эртеңден тарта тоок жумурткаларынын импортуна киргизилген чектөө алынат

Эртеңден тарта Кыргызстанда тоок жумурткаларынын импортуна киргизилген чектөө алынат.

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, убактылуу тыюу салынгандан кийин ата мекендик канаттуулар ишканалары тарабынан тоок жумурткаларын өндүрүү көбөйтүлгөн жана импорттук продукция менен атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жогорулаган.

 

Эске салсак, 5-июндан баштап өкмөттүн токтому менен Кыргызстандын аймагына тоок жумурткаларын алып кирүү чектелген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.