Салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддер башталат

Бул жумада автоунаалар, турак жайлар, батирлер жана жеке участокторго салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддер башталат. Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, текшерүүлөр Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлөт.

 

Салык төлөөдөн кечиккендерге ар бир кечиктирилген күн үчүн туум жана айып пул салынат. Жеке жактарга административдик айыптын өлчөмү 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом.

 

Эске салсак, кыймылсыз мүлккө салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.