Илимий кызматкерлердин айлыгын эки эсе көбөйтүү пландалууда

Кыргызстанда илимий кызматкерлердин айлыгын эки эсе көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов билдирди. Маалыматка ылайык, план келерки жылы ишке ашат деп күтүлүүдө.

 

Белгилеп кетсек, өкмөт көп жылдардан бери биринчи жолу тогуз илимий-изилдөө долбоорун ишке ашырууга 110 млн сомдон ашык каражат бөлгөн. Анын ичинде археологиялык иштерди жүргүзүү, сейсмикалык райондоштуруу картасын түзүү, ДНК лабораториялык борборун ачуу жана Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакты бекемдөө иштери бар.