1-январдан тарта Кыргызстанда патент менен соода кылууга тыюу салынат

Келерки жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда жеке жактарга патент менен соода кылууга тыюу салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

 

Соодагерлер патенттин ордуна жалпы салык режимин же бирдиктүү салыктын негизиндеги атайын салык режимин тандоого туура келет.

 

Калкка төлөмдөрдү жүргүзүүдө көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуу милдеттүү болуп саналат.