Кыргызстанда комбанктардын кирешеси 18 млрд сомдон ашты

Кыргызстандагы коммерциялык банктардын жыл башынан берки тапкан кирешеси 18 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 31-июлга карата коммерциялык банктардын таза кирешеси 17 млрд 972 млн сомдон көп болду.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 21 коммерциялык банк иштейт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.